Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке өкмөттүн жаңы түзүмүн сунуштаган эле. Парламент 22-июнда аны колдоду. Эми өкмөттө айрым мекемелердин функциялары бириктирилип, жаңы кызмат орундары пайда болду. Бүгүн депутаттар алардын жетекчилерин бекитти.
Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү:
- Чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр — Жеңиш Раззаков
- Айыл чарба, мелиорация жана азык-түлүк өнөр жайы министри – Турдуназир Бекбоев
- Транспорт жана жолдор министри – Замирбек Айдаров
- Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамкомитетинин башчысы – Дүйшөнбек Зилалиев
- Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамкомитетинин башчысы – Бакыт Шаршембиев
Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун айтымында, чек ара маселелери боюнча вице-премьердин кызмат орду Жогорку Кеңештин сунушу менен түзүлдү.