Быйыл Кыргызстандын туризм тармагы менен чет жерден келе турган эс алуучулардан үмүтү чоң. Пансионаттар, курорттук эс алуучу жайлар кызуу даярдыктарды көрүп жаткан чагы. Быйыл Түркия менен Египетке орус туристтеринин агымы кыскара турганы кошумча үмүт бере тургандай.

Пансионаттардын даярдыгы

Сүрөт: SAAT.kg
Сүрөт: SAAT.kg

Жакында мамлекеттик экотехинспекциясынын 155 пансионаттын ичинен 12син паспортизациядан өткөрбөй койгону маалым болду. Анын себебин туризм департаменти, Ысык-Көл районунун акимчилиги жана экотехинспекция да экологиялык талаптарга жооп бербегендигинен деп белгилешүүдө.

Айтылгандай эле, жеке жактарга, анын ичинде белгилүү чиновниктерге тиешелүү болгон эс алуу жайлары айлана-тегерегин тазалабай, экология эрежелерин сактабай жаткандыктан жабылып калышкан.

Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловдун айтымында, өлкөнүн аброюн түшүрбөө үчүн жана коопсуздук чараларынын алдын алуу үчүн айрым пансионаттарга уруксат берилген жок.

“Бир эле мисал, кокус массалуу түрдө тамак-ашка уулануу болуп кетсе, ал бизге эле жаман. Ошондуктан, талаптарга жооп берип туруп анан кызмат өтөөгө киришүү керек. Эгерде аталган пансионаттар талапка жооп бере алса, дароо киргизүүгө даярбыз”, — дейт Жаманкулов.

Атайын өкмөттүн токтомуна ылайык, ар жылы пансионаттар паспортизациядан өтүп турушат. Анын талаптарына айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык, санитардык жана коопсуздук, өзгөчө кырдаалдарга даяр болуу эрежелери кирет.

Даярдыктар жакшы. Ысык-Көл 1 млн кишини кабыл алууга даяр. Аба ырайы бир аз тоскоолдук жаратып коюуда. Июнь айы жаанчыл болгондуктан, эс алуучулар азыраак болгон.

«Ошондуктан, текшерүү иштери май айларында эле башталган. Даярданууга убакыт да берилген болчу. 12 пансионат туристтик сезонго даяр болбогондуктан өтпөй калды” – дейт Ысыл-Көл районунун акиминин орун басары Данияр Иманалиев.

Жолтоо болгон жол

Раппопорт аллеясындагы жол куруу иштери. Сүрөт: SAAT.kg
Раппопорт аллеясындагы жол куруу иштери. Сүрөт: SAAT.kg

Иманалиев, белгилегендей, жол курулуштары ыңгайсыз абал жаратты. Бирок, алар кандай болбосун оңдолушу керек эле. Ал эми кышында жол курууга мүмкүн эмес. Ошондуктан, жол убагында бүтпөй калды. Ат майданынын курулушу аяктап жатат. Андан сырткары “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына” даярдыктар көрүлүп жатат”, — деп кошумчалайт акимдин орун басары.

Туроператорлордун үмүтү чоң

Быйылкы сезондо чет жердик да, жергиликтүү да эс алуучулар аз. Ага аба ырайы менен каатчылык тоскоол болууда.

“Эс алуучуларды тартуу максатында пакеттик турларды уюштуралы дедик. Баасы кымбатка түшүп калгандыктан, андан баш тартып коюшту. Түз каттамдар ачылса жакшы болот эле. Поезд менен каттаган орусиялыктар үчүн жолдон казактар тарабынан тоскоолдуктар жаралып жатыптыр”, – дейт КР туроператорлор ассоциациясынын вице-президенти Венера Аширова.

Аширова тазалык маселесине өзгөчө көңүл бурулуш керек экенине токтолду. Анын пикиринде, жээктер таштандыга толо. Ошондой эле, мурун жээктеги курулуш 300 метр алыс болушу керек болсо, азыр 100 метр аралык менен курулган эс алуучу жайлар салынууда.

«Бир тарабынан көлдүн суусу абдан кирдеп кетти. Тазалоочу курулуштар жокко эсе болгондуктан кирдеп жатат. Бул дагы эс алуучулардын келишине кандайдыр бир деңгээлде тоскоол болот”, – деп кошумчалайт Аширова.