Президент Бишкек мэри Албек Ибраимовду кабыл алып, курулуш жана ремонт иштеринин сапатына көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтты. Андан тышкары, Бишкек шаарын өнүктүрүү милдеттерин өз убагында чечүү боюнча шаардык кызматтардын ишмердигин жандандыруунун маанисин баса белгиледи.
Жолугушууда мамлекет башчысы башкалаанын борбордук көчөлөрүндө тыгынды азайтуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында автожолдорду кайра жаңылоо боюнча комплекстүү иштер тууралу маалыматты укту.
Албек Ибраимов такай иштеген, коопсуз жана тургундар үчүн ыңгайлуу транспорттук системаны камсыз кылуу үчүн башкалаанын коомдук транспортун өнүктүрүү пландары тууралу айтып берди. Бишкек мэри шаар ичин жашылдандыруу жана арыктарды тазалоо боюнча чаралар тууралу да маалымат берди.
Президент Алмазбек Атамбаев борбордо жүргүзүлүп жаткан «Биздин шаар кайрадан Борбор Азияда эң жашыл жана жашоого жайлуу болуп калышы керек», — деген тилегин билдирди.