22-июнда Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы түзүмүн колдогон. Эми министрлер кабинетинде айрым мекемелердин функциялары бириктирилип, жаңы кызмат орундары пайда болду. Кечээ депутаттар алардын жетекчилерин бекитти. Президент ушул жана башка кызматтарга дайындоолорго кол койду.

  • Жеңиш Раззаков чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалды
  • Замирбек Айдаров транспорт жана жолдор министри болуп дайындалды
  • Турдуназир Бекбоев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды
  • Бакыт Шаршембиев маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды
  • Дүйшенбек Зилалиев өнөр жай, энергетика жана жер казынасынпайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды
  • Джанбулат Байжуманов статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.