Forbes жарыялаган рейтингде эң бай америкалык үй-бүлөлөрдүн жалпы байлыгы 722 млрд долларды түзөт. Биринчи орунду кайрадан Wal-Mart түптөөчүлөрүнүн мураскерлери ээледи.
Уолтондор үй-бүлөсү биринчиликти 2014-жылдан тартып бербей келейт. Эң бай үй-бүлөлөрдүн рейтингин Forbes ошол жылы түзүп баштаган. Журналдын баамында, Wal-Mart компаниясын түптөгөн Жеймс жана Сэм Уолтондордун жети мураскерине жалпы 130 млрд доллар туура келет. Бир жыл мурун алардын байлыгы 149 млрд долларды түзүп жаткан.
Рейтингинде экинчи орунду Кох үй-бүлөсү ээледи. Бир туугандар Чарльз жана Дэвид Кох АКШдагы экинчи ири компания болуп эсептелген Koch Industries конгломератын жетектейт. Алар дагы эки бир тууганы менен 82 млрд доллар байлыкка ээ. Былтыр 86 млрд доллар болчу.
Алдыңкы үчтүктө Марс үй-бүлөсү дагы бар. Алар — M&Ms жана Snickers’ти чыгарган компаниянын ээлери. Mars Inc. компаниясын түзгөн Марс Жаклиндин неберелери Жон менен Форрест Марстын байлыгы 78 млрд долларга бааланат (2015-жылы 80 млрд).
Бир жылдын ичинде эң бай америкалык үй-бүлөлөрдүн байлыгы 11 млрд долларга азайып кетти. Бирок он үй-бүлө кайра көбөйтө алды. Рейтингге кошулуш үчүн байлык 10,7 млрд доллардан кем болбошу керек. Быйыл тизмеге биринчи жолу Голдман үй-бүлөсү кошулду. Алардын байлыгы 13,7 млрд долларды түзөт.