Быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 25 жыл толот. Чейрек кылымда Кыргызстан башынан эки революцияны өткөрдү.
Эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстанды 4-президент башкарууда. Ал арада 26 премьер-министр алмашты.
1990-96-жылдары өлкөнүн экономикасы өндүрүш ишканалырынын токтоп калышынан улам эки эсеге кыскарып кеткен. Ички дүң өнүмү 40%га төмөндөгөн. Мамлекеттик мекемелердин 70% менчиктештирилген.
Былтыркы эсептөөлөр боюнча, Кыргызстан 24 жыл ичинде 7,6 млрд $ көп өлчөмдөгү насыя жана гранттарды алган. 5,9 млрд же 77% насыя, 1,7 млрд доллары гранттар болгон. Каржы институттары жана донор өлкөлөр менен 335 келишимге кол коюлган.
Быйылкы жылдын башына карата тышкы карыз 3 млрд 601 млн 100 миң доллар болуп, ички дүң өнүмдүн 64,5%ын түздү. Анын 94,6% — тышкы карыздар.
1991-жылы КРдин калкы 4 млн 418 миң болгон. Ал эми былтыркы жылдын ноябрь айында калктын саны 6 млнго жетти. Өлкөнүн негизги калкын кыргыз улутундагылар түзөт – 4 млн 194 миң адам же жалпы элдин 72,6%. 700 миң жаран мигрант катары чет өлкөлөрдө жүрөт.
Үй чарбаларынын керектөө чыгымдары 1991-жылы айына 7 сом 89 тыйынды түзгөн. 2015-жылы 2936 сом 22 тыйын болуп өскөн. Керектөөлөргө азык-түлүктөр, коммуналдык кызматтар, транспорт, байланыш кызматтары жана башкалар кирет. Алкогол ичимдиктери боюнча үй чарбасына 1991-жылы 33 тыйын коротулса, 2015-жылы көрсөткүч 4 сом 29 тыйын болгон.
1990-жылы 1 млн баш ийри мүйүздүү мал, 10 млн кой, эчки, 400 миң чочко, 300 миң жылкы жана 14 млн канаттуу болгон. Азыр 400 миң жылкы, 1,5 млн бодо мал жана 6 млндон ашуун майда жандык бар.
Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан БУУ, КМШ, ЕАЭБ жана башка эл аралык уюм, биримдиктерге мүчө болду.
Эгемендүүлүк менен өлкөгө эркин жашоо, көз карандысыз орто жана чакан ишкерчилик өнүгүп, сөз эркиндиги келди. Андан сырткары, ССРБ убагында орустардын таасиринде болгон эл кайрадан улуттук идеологиясына басым жасады.