Экс-президенттин уулу британиялык бизнесмен Шон Дейлге кол салууга катыштыгы бар деп соттолууда.

BBC’нин кыргыз кызматы билдиргендей, Максим Бакиевди сотто адвокаттардын тобу коштоп жүрдү. Танаписке чыкканда колунан телефонун түшүргөн жок. Сот жүрүп жатканда анда-санда адвокаты менен шыбырашканы болбосо, бир калыпта угуп олтурду.

Соттун жүрүшүндө мурдагы президент Курманбек Бакиев Минсктен видео-конференцияга чыгып, Максимди коргоп көрсөтмө берди. Максим Бакиев 2006-жылы британиялык ишкерди өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелүүдө. Максим өзү бул айыптоону четке кагып келет.