Trabant үлгүсүндөгү унаага бир топ зыян келтирилди, бирок айдоочусу жабыркаган жок.
Окуя Падерборн шаарынын жанында трассада болгон. 29-июнда жаш жигит машинеси менен жолдо баратып, үлүлдөрдөн калган былжырга тайгаланып кетет. Полиция буга чейин үлүлдөр кооптуу абал жараткыдай былжыр калтырганын көргөн эмеспиз деп билдирген.
Күн чыккандан кийин жол кургап, кайра унаалар үчүн коопсуз болуп калды. Полиция билдиргендей, айрым үлүлдөр чөпкө жашынууга үлгүрүп калган. Окуя болгон жерде тартылган сүрөттөрдө көрүнүп тургандай, алардын бир бөлүгүн машине тебелеп кеткен.
Булак: meduza.io