Кытайлык кыргыздар бизде колдонулбай калган эскирген сөздөрдү сүйлөшөт. Ошол эле учурда алардын тилине кээ бир кытай терминдери дагы аралашып кеткен. Анда эки жакта жашап калган бир улуттун тилдеринин айырмасын сунуштайбыз.
| Кыргызстандагы кыргыздар | Кытайлык кыргыздар | ||
| робот | Култемир | ||
| отличник окуучу | Озот окуучу | ||
| классташ | сабакташ | ||
| Кара-Жорго бийи | Талма бийи | ||
| жубайынын көзүнө чөп салуу | ич коюн, тыш коюн | ||
| пенсияга чыгуу | туйшу | ||
| профессор | жавшу | ||
| губернатор | жужаң | ||
| мал-чарбачылык жайыты | мучаң | ||
| Айрым сөздөрдү эки жердеги кыргыздар эки башкача түшүнөт | |||
| Сөздөр | Кыргызстандагы кыргыздар | Кытайлык кыргыздар | |
| сараң | зыкым | жинди, келесоо | |
| байыды | дүнүйө-мүлкү көбөйү (бирок кээ бир учурда сүтү түгөнгөн уйду дагы байыды деп айтат) | жок болуу | |
Бул таблицада айрым гана сөздөр көрсөтүлдү. Эгер сиз билген сөздөр бар болсо, Facebook’тагы баракчада ой бөлүшүңүз.






























