Телефондор бажы көзөмөлүнөн өтпөгөнү үчүн кылмыш иши козголду.

Бажы кызматы билдиргендей, аткезчилик жолу менен ташылып келген 2470 даана телефон “Ош” бажысында аныкталды. ЕАЭБ аймагына киргизилген товар бажы көзөмөлүнөн өтүшү керек эле. Бирок ишкерлер аны жашырып койгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Ноокат районунда Тажикстандын акциздик маркалары чапталган 7500 пачка «L&M Blue Label» тамекиси табылды. Товардын тийиштүү документтери жок болуп чыккан. Анын жалпы баасы 300 миң сомду түзөт. Бул факт боюнча дагы кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.