Вице-премьер-министр Олег Панкратов оңдоо иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп келди. Анын айтымында, ЖЭБди модернизациялоо өз убагынан кеч калбай жүргүзүлүп жатат.

Панкратов белгилегендей, ЖЭБди жаңылатуу стратегиялык мааниге ээ. Анткени, ал өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө шарт түзөт. Өкмөт аткарылып жаткан жумуштардын сапатына өзгөчө көңүл бурууда. Ошону менен бирге, вице-премьер иштерди тездетүү керектигин айтты.

Олег Панкратов күз-кыш мезгилинен үзгүлтүксүз чыгуу үчүн көмүр алууга тендерлер өз убагында өткөрүлүп турушу керек деп белгиледи.