Июлдан тарта жаратылыш газынын баасы бир аз арзандады. “Газпром Кыргызстан” жетекчисинин орун басары Ольга Лаврова журналисттерге тарифтин арзандашынын себептерин жана өлкө жылына канча көлөмдө пайдаланганын айтып берди.

Анын айтымында, “Газпром Кыргызстан” негизги “Газпром” өнөктөштүк акционердик коому менен кошумча келишим түзүп, 1000 куб метрди газды мурункудай $165 эмес, 150 доллардан алып баштады. Мындан улам, июнда калк үчүн 1 м3 газ 14,33 сом болсо, июлда 14,18 сомго түштү.

“Газпром Кыргызстан” газдын баасын доллардын курсуна жана сатып алган наркына жараша ай сайын өзгөртүп турат.

Лаврова белгилегендей, Кыргызстан жылына 90 млн куб метр газ сатып алат. Анын бир бөлүгү сатылса, калганы технологиялык керектөөлөр үчүн пайдаланылат.

Учурда газ “Газпром” өнөктөштүк акционердик коому аркылуу алынып, газ түтүктөрү менен бөлүштүрүлөт. Түштүктө Өзбекстан аркылуу, түндүктө Казакстан аркылуу келет. Калк ичинде эч кандай жеңилдиктер каралган эмес.