Премьер-министр Сооронбай Жээнбековге маданият министр Алтынбек Максүтов тарых жана маданият жылына карата уюштурула турган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле күзүндө өтө турган көчмөндөр оюндарына даярдыктар жакшы деңгээлде көрүлүп жатканын кошумчалады.
Ал эми туризмди өнүктүрүү маселеси боюнча Алтынбек Максүтов жакында ошол багыт тууралуу интернет-сайт ачыла турганын айтты.