Республикада 4-7-июлда нөшөрлүү жаан чачын күтүлөт.
ӨКМ маалыматы боюнча, жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүү коркунучу бар.
Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 1-июлда ӨКМ телефонограммасы чыгып, тийиштүү жарандык коргонуу кызматтарына, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүү жөнөтүлдү.