“Айкөл-Ала-Тоо” коомдук бирикмеси УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевге кайрылды.

Кыргыз көмүр ишканасы “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесине 2 млн 300 миң сом бөлүп берген. Бирикменин өкүлү Марипа Алыйкулова маалымат жыйында билдиргендей, бул каражатты мурдагы төрагасы, азыркы ЖК депутаты Мээрбек Мискенбаев өзүнүн адамдары менен өз кызыкчылыгында иштетип салган.

“Бул боюнча Мээрбек Мискенбаевден бирикменин өкүлү Канат Аширбаев сураса, ал жооп бергендин ордуна аны кууп чыгып, түрмөдө чирите турганын айткан. Мындан тышкары дагы биздин бирикмеге көп жардам берилип келгени маалым болду”, — дейт Алыйкулова.

Мискенбаевдин жардамчысы Мурат Соорбеков ошол эле маалымат жыйынга келип катышып, Марипа Алыйкулова бирикменин  ынтымагын ыдыраткандыгы үчүн бирикмеден четтетилгенин айтып берди.

“Кыргыз көмүр ишканасы боюнча көтөргөн маселеси чындыкка дал келбейт. Анткени, кыргыз көмүр ишканасысынын ири суммадагы каражатты уурдаган деп айып менен кызматтан кеткен мурдагы жетекчиси Канат Аширбаев менен тыгыз байланышта. Канат Аширбаев апрель окуясына катышпай туруп, апрель баатыры деп наам алгандыгы үчүн иш козголгон”, — деп билдирди.