Акаев “Алга Кыргызстан”, Бакиев “Ак жол” партиялары менен бийлигин бекемдеп келсе, Атамбаев деле КСДП менен бийлик бутактарын ээлеп жатат деген сөздөр коомчулукта кызуу талкууланууда.

Конституцияда бийликти бир адам, же бир топ узурпациялап алууга тыюу салынганын “Жаңы муун” саясий кыймылынын лидери Мавлян Аскарбеков айтты.

“Азыркы учурда, Кыргызстандын жогорку бийлигинин үч бутагы, сот, парламент, өкмөт толугу менен президенттин жана КСДПнын карамагына өттү. Соттор сотторду тандоо комиссиясы аркылуу тандалып, мамлекет башчысынын макулдугу менен бекишет. Тандоо комиссиясы парламент тарабынан бекитилет. Жогорку Кенеште 6 жылдан бери коалициялык көпчүлүктү КСДП түзүп келет. Спикер ушул партиядан болчу, азыр да ошол жакка ооп баратат. Өкмөттү коалициялык көпчүлүк түзүп жатат. Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, азыркы азыркы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков да ошол партиянын колдоосу менен келишкен. Сооронбай Жээнбеков КСДПнын мүчөсү. Атамбаев башкы прокурорду, куралдуу күчтөрдүн башчысын, улуттук банктын төрагасын, жана башкаларды өзү бекитет”, -дейт ал.

Мындан тышкары, Мавлян Аскарбеков ЖКнын, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп, бардык жерде КСДП коалициялык көпчүлүктү түзүп, аткаруу бийлигине партия мүчөлөрүн шайлап жатышканын айтты.

“Шайлоодон жеңип чыккандар дээрлик бардыгы КСДПнын күн карамаларына айланып, демократия оюну үчүн гана шайлоодон өтүшкөн. Конституцияга ылайык, Кыргызстанда бийликти бир топ узурпациялап алдыбы деген суроого башкы прокурор иликтөө жүргүзүп, жооп бериш керек эле. Бирок биз билгендей ал дагы президент тарабынан дайындалган”, -деди ал.

Ал бүт бийлик бир колго топтолгону карапайым элди анчалык деле кызыктырбай турганын кошумчалады.

“Ошол топтолгон бийлик 6 жыл ичинде элибиздин жашоосун оң жакка өзгөртө алабы деген маселе бар”, — дейт М. Аскарбеков.

Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кечээ берген маалымат жыйынында КСДПнын өкүлдөрүнүн бийлик бутактарын ээлеп алышканы боюнча мындайча айтат:

«Конституцияга ылайык, коалицияны түзүү мандатын президент КСДПга берген. Бул фракциянын өзгөчө ролу талашсыз. Коалициянын түзүлүшүнө, анын ынтымакта иштеп кетишине биринчи кезекте КСДП фракциясы жооп берет. Мындан улам КСДП бул функцияларды мындан ары аткарып кетиш үчүн ага биз Жогорку Кеңештин төрагасы кызматы берилиши керек деп чечтик. Спикерлик аларга салмак кошот, аброй кошот, ошол тагылган жүктү мындан ары ийгиликтүү аткарганга шарт түзөт деп КСДПнын талапкерин колдоп жатабыз», — дейт Ө. Текебаев.

Бөлүшүү