Жогорку Кеңеш чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.

“Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзам долбоордун авторлору мурунку чакырылыштын депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев, Надира Нарматова.

Мыйзам долбоорунун мааниси

Аталган мыйзам долбоордун авторлорунун бири экс-депутат Турсунбай Бакир уулу бейөкмөт уюмдар жылына 1-2 жолу милдеттүү түрдө өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу отчёт берип туруусу керек экенин айткан.

Анын айтымында, коммерциялык эмес уюмдар адилет министрлигине баяндама жасап турушу зарыл.

“Отчёттун негизинде анын ичинде ким жетекчи, жетекчилик курамда кимдер бар, акчаны кайда пайдаланылып жаткандыгын көрсөтүп турат. Бул мыйзам долбоору эч бир бейөкмөт уюмга каршы эмес”, — дейт экс-депутат.

Мындан тышкары, Турсунбай Бакир уулу түшкөн акчалар жашырылса, ишмердүүлүгү ачык айкын болбосо аны УКМК, прокуратура текшере турганын кошумчалаган.

Ал эми ЖКнын депутаты Абдывахап Нурбаев бул мыйзам демократиялык өнүгүүгө жол тосо турганын айтты.

“Мыйзам долбоордо коммерциялык эмес уюмдар жыл сайын отчётторун жарыялоосу керек деп турат. Бул нерсе бүгүнкү күндө коммерциалык уюмдарда да жок. Ишкерлерге кошумча түйшүк алып келет”, — дейт депутат.

Ал коммерциялык эмес уюмдардан жана бир нече бизнес-ассоциялардан бир канча кайрылуулары келип түшкөнүн айтууда. Ошондой эле, бул мыйзамдын кабыл алынуусу эми өнүгүп жаткан бизнес-ассоциацияларга жана өкмөттүк эмес уюмдардын өнүгүүсүнө жол тосо турганын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин мыйзамга каршы чыккандар нааразычылык акциясын уюштуруп келишкен. Алар ЖКдан бул мыйзам долбоорлорун талкуулабастан күн тартибинен алып салууну талап кылышкан.