Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн түзүмү өзгөрсө, кошумча каражат, штат талап кылынбай турганын айтты.

“Бүгүнкү күндө 168 млн сом кетсе, кийинки жылы 140 млн сомго чейин кыскартылат”, — дейт өкмөт башчы.

Учурда ЖК жыйынында өкмөттүн түзүмүнүн өзгөртүү маселеси каралып жатат. Премьер төмөнкү сунуштарды киргизди:

  • Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттиктин базасында өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамкомитетин түзүү
  • Айыл чарба жана мелиорация министрлигине азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү үчүн кошумча функцияларды ыйгаруу
  • Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана электрондук башкаруу борборунун базасында маалыматтык технологиялар мамкомитетин түзүү
  • Экономика, транспорт министрликтеринин, мамкаттоо кызматынын, геология жана минералдык ресурстар агенттигинин функцияларын кыскартуу
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекцияга кендерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча функцияларды кошуп берүү.