Фракциялар өз жыйындарын өткөрүп, президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басарын өкмөт башчыга ылайыктуу деп табышты.

Ага чейин Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору, мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси болуп иштеген. Премьер болуп шайланса, бир тууганы Асылбек Жээнбеков ЖК төрагалыгынан кетээрин өзү тастыктады.

Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин КСДП фракциясы көрсөттү.

Бөлүшүү