2006-жылга чейин Кыргызстандын жарандары Өзбекстанга виза менен кирчү. Бийлик Ташкентке расмий иш сапар менен барып, визаны алып салуу үчүн Кыргызстан Уңгар-Тоону Өзбекстандыкы деп тааныйт деген келишимге жеткен.

Мындай билдирүүнү бүгүн «Терроризмге каршы күрөшүү боюнча ардагерлер коомунун жетекчиси» Артур Медетбеков «Кыргызстандын аймагындагы Өзбекстанга таандык объектилерди кайтарып алуу маселелери» аттуу тегерек столдо билдирди.

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу өз кезегинде чек ара 1924-жылы Ташкенттен келген өкүлдөр тарабынан чийилгенин айтты.

«Алар Маскөө чече алгыс, бирок арача болуп бере турган кылып коюшкан. Ошондуктан бул маселенин тамыры тереңде жатат. Аны өкмөт, чек ара кызматы, Жогорку Кеңеш  чече албайт. Бир гана президенттер ортосунда чечилиши керек», — дейт ал.

Депутаттын айтымында, «Алмазбек Атамбаев Ташкентте өтө турган ШКУнун самитине барбайм деп коркутпай, тескерисинче ошол самитте жолугуп маселени чечип алышы керек».

Сүрөт: president.kg Атамбаев жана Каримов ШКУнун самитинде. Бишкек, 2013-ж.
Сүрөт: president.kg Атамбаев жана Каримов ШКУнун самитинде. Бишкек, 2013-ж.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү