Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы жайкы Олимпида оюндарына кыргыз спортчулары 15 жолдомо алды.

Сууда сүзүү боюнча 3-июлда өтө турган мелдештен 2 жолдомо алуу пландалууда.

Биринчи жолдомону Юлия Андреева алып келген.

Ал май айында Чехиядагы марафондо 2 саат 37 мүнөт 37 секундада келген.

Сүрөт; sport

Ал эми балбандардан биринчи болуп Арсен Эралиев жолдомо алган.

Сентябрь айында Лас-Вегаста (АКШ) өткөн дүйнөлүк чемпиондугунда мыкты бешилтиктин катарына кирген.

Арсен Эралиев

Азиялык лицензиялык мелдеште алтын медаль тагынган Айсулуу Тыныбекова жакында эле дүйнөлүк United World Wrestling жарыялаган рейтингде мыкты он балбандын катарына кирди. 

Сүрөт: sport.kg

5 миң метр аралыкты чуркап  өтүү боюнча жаш рекорчу Дарья Маслова Өзбекстандын ачык биринчилигинде 10 чакырымды 32 мүнөт 14 секундада басып өтүп, 2-орун менен кошо Олимпиадалык ченемин толтура алган.

Сүрөт: sport.kg

Юрий Краковецкий дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медалдын ээси. Жолдомо алган бул  спортчу Лондон-2012 Олимпиадасынын катышуучусу.

Сүрөт: sport.kg

Боксер Эркин Адылбек уулу Кытайда өткөн лицензиялык таймашта 81 килограммга чейин салмак категориясында алдыңкы үч мыкты спортчунун катарына илинди.

Сүрөт: sport.akipress
Сүрөт: sport.akipress

Астанада өткөн эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча лицензиялык эл аралык турнирдеги алтын медалдын ээси Магомед Мусаев.

Сүрөт:Paul Sancya)

 

Азия чемпионатынын күмүш медалчысы Мурат Рамонов грек-рим күрөшү боюнча жолдомого эл аралык лицензиялык турнирде ээ болгон.

Сүрөт: vb.kg
Сүрөт: vb.kg

SIM-2015 Сибир эл аралык марафонунда уткан Мария Карабицкая 42 км 195 метр аралыкты 2 саат 38 мүнөт 35 секунд убакытта чуркап өтүп, коло байгени ээлеген. Жыйынтыгында, кыргыз спортчусу жолдомонун ээси болду.

Сүрөт:sport.akipress

8-май күнү Прагадагы эл аралык марафондо жөө күлүк Виктория Полюдина 2 саат 40 мүнөт 36 секундада чуркап өтүп, Олимпиадалык ченемди толтуруп, лицензияга утуп алган.

 Сүрөт:sport.akipress
Сүрөт:sport.akipress

Жеңил атлетчи Илья Тяпкин лицензиялык турнирде 19 секундга кеч келсе да, жолдомонун ээси болгон. Буга чейин ал Азия Чемпионатында 9 — орун алгандыгы белгилүү.

 Сүрөт:sport.kg

Стамбулда өткөн эл аралык лицензиялык турнирде грек-рим күрөшү боюнча чебер  Руслан Царев  атаандашын 10:00 эсебинде жеңген.

 

Сүрөт:sport.akipress
Сүрөт:sport.akipress

Эркин-күрөш боюнча Азия чемпиону Якутиялык Айаал Лазарев Кыргызстандын атынан Олимп оюндарына чыгат.

Айаал Лазарев

Дзюдаист Отар Бестаев эл аралык Олимпиада рейтингинде 535 упай менен 39 орунду ээлейт. 60 кг чейинки салмактагы спортчу Кыргызстанга 15 — жолдомону алып келген.

сүрөт.vb.kg
сүрөт.vb.kg

Ташкент шаарында өткөн Азия чемпионатында Кыргызстандын оор атлетика боюнча курама командасы лицензия утуп алган. Штангисттер 132 упай алып, төртүнчү орунга ээ болушкан.

Сүрөт:sport.kg

Эске сала кетсек, жайкы Олимпиада оюндары 5-21-августка чейин Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Спорттун 33 түрүнөн 306 топтом медаль ойнотулат. Ага дүйнөнүн 206 мамлекетинин спортчулары катышат.

Алгачкы жолу Косово жана Түштүк Судан мамлекеттеринин спортчулары катышат.

Толук тизме дагы 15-июлга чейин такталат.

Буга чейин, Жанарбек Кенжеев допинг чуусунан улам жолдомосунан айрылганы белгилүү.

Андан тышкары, келе жаткан Параолимпиадалык оюндарына кыргызстандык 2 спортчу лицензияга жетишти. Алар Эсен Калиев жана Жыргал Орозбаев.