Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин биринчи катчысы Алмаз Букалаевдин билдирүүсүнө караганда, акыркы беш айдын ичинде бир нече факт катталган.

«Азыр технологиянын өнүгүшүнөн улам, жасалма паспорт да ошондой ыкчам жасалып калды. Айырмасы деле билинбейт. Бирок, биздин орган кызматкерлери билип коюшат. Өткөндө Маскөөнүн полициясы бир нече адамды кармаган. Сигнал кылмышкерлердин баарын Кыргызстандын жараны кылып көрсөткөн. Бирок, жакшылап текшере келгенде, бирөө эле биздин жаран, калгандары чет өлкөлүктөр болуп чыккан», — дейт ал.

Казан вокзалында кыргыз ID паспортун 500 рублга жасатса болору ачыкка чыккан. Биздики менен эсептегенде болгону 500 сомдон ашыгыраак акча болот. Элчиликтин маалыматына караганда мындай кадамга көбүнчө кылмышкерлер тобу же ишке орношууга тиешелүү документтери жок өзбек, тажик жарандары барат.

Автор: Гүлнара Болотбекова