Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин биринчи катчысы Алмаз Букалаевдин айтымында, 77 миңге жакын кыргызстандык “кара тизмеге” кирген.

Белгилүү болгондой, Орусиянын өкмөтүнүн берген мүмкүнчүлүгү менен өткөн жылы 45 миңдей жаран мыйзамдаштырылган.

“Былтыркы жылдын 1-ноябрынан чет элдик жарандарды мыйзамдаштыруу үчүн, Орусия мыйзам бузган эмгек мигрантарына административдик чара киргизген. Дагы эле Орусия аймагында кыргыз жарандардын көпчүлүгү мыйзамсыз жүрүшөт”, -дейт А. Букалаев.

Автор: Гүлнара Болотбекова

Бөлүшүү