Мирлан Жеенчороевдин (“Республика-Ата Журт”) пикиринде, президент сүйлөбөстөн иштеши керек. Фракциянын отурумунда депутат шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.
“Конституцияга ылайык, ар бир киши шайлоого жана шайланууга укуктуу. Биз талапкер экзамен тапшырышы керек деген норманы алып салууну сунуштайбыз. Комиссияда отурган 7-10 киши адамдын укуктарын чектебеши керек”, — деген оюн айтты.
Сунушталган мыйзам долбоорунда сот адамды кылмыш тобунун мүчөсү деп тааныса талапкер катары каттоого тыюу салуу каралган. Ошондой эле, партиялар Жогорку Кеңешке келиш үчүн эң ылдыйкы чекти 7%дан 10%га чейин көтөрүп, талапкерлердин тизмесин бир жолу өзгөртүүгө уруксат берүү сунушталды.
“БШК мүчөлөрү шайлоо болуп жатканда мыйзам бузуулар боюнча кайрылууларды мыйзамсыз четке кагып койсо жана добуш сатып алууда кармалган партия өкүлдөрүн жоопко тартуу керек. Ал 3 жылга чейин кесилип же 1 миңден 2 миңге чейин эсеп көрсөткүчүнө барабар айып төлөйт”, — деди депутат.