Франциянын улуттук жыйынынын депутаты Тьерри Мариани Орусияга салынган санкцияларды алып, Украинага карата киргизиш керек деп билдирген.

Бул тууралуу депутаттын Орусиялык «Известия» газетасына берген маегинде айтылат.

«Биринчиден, антиорусиялык санкцияларды алып салыш керек. Экинчиден, алынган санкцияларды Украинага  салыш керек. Себеби Киев урматсыздык көргөзүп, «Минск келишимин» аткарбай жатат. Анткени, негизги жоопкерчилик Украина тарапта» — дейт депутат.

Мариани белгилегендей, антиорусиялык санкция 8-июнда сенатта каралат.

«Ал артынан улуттук жана аймактык парламенттерде санкциялар сакталып, кайра өзүбүзгө чыгым алып келип жатабыз, Европа бурчка такалууда. Евробиримдиктин расмий чечими менен макул эместигимди билдирем», — дейт француз депутаты.

Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды 2014-жылы Крымды аннексиялап алганда жана Донбасстагы жаңжал үчүн салган эле. Андан бери бир нече ирет жаңыланган экономикалык санкциялар кийинки жуманын соңунда аягына чыгат. «Чоң жети» өлкөлөрүнүн май айында Жапонияда өткөн саммитинде санкцияларды узартуу чечимин кабыл алышкан.

Бөлүшүү