Кыргызстандык балбан Арсен Эралиев грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 5-орунга ээ болду.

14-августта грек-рим күрөшү боюнча балбан, 59 кг чейинки салмактагы категорияда күч сынашкан.

1/8 финалда балбан дүйнө чемпиону кубалык Исмаэл Борерро Молинэ менен мелдешип, утулуп калган.

Кубалык атлет финалга чейин жетип, ал эми Эралиев «жубатуучу»  турнирде коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Бул турнирдин биринчи раундунда кыргызстандык балбан кытайлык Ванга Люминди 6:3 эсебинде уткан.

Ал эми чечүүчү 3-орун үчүн болгон күрөштө өзбек Элмурат Тасмуратов жеңүүчү аталып коло медаль тагынды.

 

Бөлүшүү