28-июнда кечинде Ататүрк аэропортунда үч жардыруу болуп, 36 адам мерт кетти. Дагы көп адам жарадар болду. Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым билдиргендей, каза болгондордун арасында чет өлкөлүк жарандар дагы бар.

Йылдырым теракт боюнча айрым маалыматтарды берди. Анын айтымында, үч жанкечти террорист аэропортко такси менен келген. Алгач үчөө тең ала келген куралынан ок атып, андан кийин өздөрүн жардырып салды. Премьер белгилегендей, Түркия чабуулдун артында “Ислам мамлекети” турат деп шектейт.

Twitter’де террорист өзүн жардырган учурду көрсөткөн видео жарыяланды. Көрүнүп тургандай, жанкечти жатып алып жардырган. Ага чейин бир ак көйнөкчөн киши жардыргыч затын чыгарып алууга аракеттенген.

Булак: РБК

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү
ТИМ: Стамбулда жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары бар болушу мүмкүн - SAAT
2016-06-29 10:30:17
[…] террорист өзүн жардырган учурду көрсөткөн видео жарыяланды. Көрүнүп тургандай, жанкечти жатып алып жардырган. Ага […]
Кыйынчылыкта билинет: Түркияга Батыш көңүл айтууда, "бир тууган" өлкөлөр үн ката элек - SAAT
2016-06-29 12:18:50
[…] Стамбул шаарындагы Ататүрк аэропортунда болгон жардырууда 36 адам өлүп, 147 адам жабыркаган. Бул окуядан кийин […]
Атамбаев: Кыргызстан түрк эли менен кошо аза күтөт - SAAT
2016-06-29 13:10:19
[…] Стамбул шаарындагы Ататүрк аэропортунда болгон жардырууда 36 адам өлүп, 147 адам […]
ТИМ: Стамбулда жабыркагандардын экөөсү кыргыз жараны бар болушу мүмкүн - SAAT
2016-06-29 13:15:13
[…] жардыруу болгондон бери күнү-түнү ошол жерде туруп, тактоо […]