Түркияда Кыргызстандын башкы консулдугу Стамбул шаарынын жана «Ататүрк» аэропортунун жетекчиликтерине кайрылып, жооп күтүүдө.

Кечээ саат 21:35те жана 00:35те Бишкектен Стамбулга «Turkish Airlines» компаниясынын ТК348 жана ТК344 рейстери катттаган. ТИМ белгилегендей, каза болгон 36 адамдын жана 153 жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары болушу мүмкүн экенин четке какпайт.

28-июнда кечинде Ататүрк аэропортунда үч жардыруу болуп, 36 адам мерт кетти. Дагы көп адам жарадар болду. Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым билдиргендей, каза болгондордун арасында чет өлкөлүк жарандар дагы бар.

Йылдырым теракт боюнча айрым маалыматтарды берди. Анын айтымында, үч жанкечти террорист аэропортко такси менен келген. Алгач үчөө тең ала келген куралынан ок атып, андан кийин өздөрүн жардырып салды. Премьер белгилегендей, Түркия чабуулдун артында “Ислам мамлекети” турат деп шектейт.

Twitter’де террорист өзүн жардырган учурду көрсөткөн видео жарыяланды. Көрүнүп тургандай, жанкечти жатып алып жардырган. Ага чейин бир ак көйнөкчөн киши жардыргыч затын чыгарып алууга аракеттенген.

Бөлүшүү