«Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкектин борборунда жайгашкан 1996-жылга чейин салынган эски үйлөрдү сүрдүрүп салууга каршы чыккан жарандык активисттер менен жолукту.

“Аэропорттон келе жатканда кээ бир үйлөрдү карасаңар. Чет өлкөлүктөрдөн, коноктордон уяласың. Эгерде жаңы үйлөр курулуп калса, башкача көрүнүш болот”, — деп кайрылды Текебаев.

Буга чейин парламентте Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эски имараттарды түрттүрүп, ордуна заманбап үлгүдөгү үйлөрдү куруу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.