Ал өкмөттү дээрлик бир жыл жетектеп, Жогорку Кеңеш эки жолу ишеним көрсөткөнүн айтты.
“Мен президенттин колдоосун сезип жаттым. Биз баардык мамлекеттик органдар менен иштеше алдык”, — деди Сариев.
Премьер өкмөт жасаган иштерине токтолуп, бизнести колдоо менен гана өлкө өнүгүүгө жете алаарын белгиледи.
Ошондой эле, Темир Сариев Кыргызстан ЕАЭБге карата алган багытын сакташ керек деген пикирин билдирди.