Айтматовго 90 жыл: Жаштар жана журналисттер арасында сынак жарыяланды

Автор -
992

Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгына арналган жаштар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында сынак жарыяланды. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жаштар «Эң мыкты эссе», «Эң мыкты поэзия», ал эми журналисттер арасында «Эң мыкты сюжет», «Эң мыкты макала»  номинациясында жарыша алат.

Жаштар арасындагы сынакка 14 жаштан 28 жашка чейинки бардык жарандар, ал эми журналисттер арасындагы сынакка 28 жашка чейинки журналистердин катыша алат.

Сынак белгилүү жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгы аркылуу жаштарга тарбия, билим берүүдөгү адамгерчилик, ыймандуулук, маданияттуулук, мекенчилдик сапаттарды калыптандыруу максатында уюштуруулууда.

Андан сырткары, ЖМКлар аркылуу алп жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгын жалпы коомчулук арасында кеңири жайылтуу жана өркүндөтүү багыты каралган.

 Эссе — 4 барактан ашпаган, Times New Roman (Times New Roman Cyr) гарнитурасынын ариби, өлчөмү 14, А4 форматында, мурда эч жерде жарыяланбаган;

Поэзия — 4 куплеттен – 10 куплетке чейин, мурда эч жерде жарыяланбаган;

Сюжет — 5 – 8 мүнөттөн ашпаган, 2018- жылдын май айынан 31 – октябына чейин эфирде берилген сюжеттер;

Макала – 1 беттен ашпаган, 2018- жылдын май айынан 31 –октябына чейин мезгилдүү басма сөз каражаттарында жарык көргөн макалалар;

Эссе, поэзия — кагаз түрүндө, папкага салынып, сыртына сынакка катышуучунун аты-жөнү (паспорт боюнча), дареги, электрондук дареги жана уюлдук телефону көрсөтүлүп, «Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган жаштар жана ММКлар арасында жарыяланган республикалык сынакка» — деп жөнөтүлүүгө  тийиш.

Телесюжет DVD дискке көчүрүлүп, эфирге берилген күнү тастыкталган, ММКнын мөөрү басылып, папкага салынып, сыртына сынакка катышуучунун аты-жөнү (паспорт боюнча), дареги, электрондук дареги жана уюлдук телефону көрсөтүлүп, «Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган жаштар жана ММКлар арасында жарыяланган республикалык сынакка»  -деп жөнөтүлүүгө тийиш.

Белгилей кетсек, аталган сынакты Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук жазуучулар союзу уюштурууда.

«Эң мыкты сюжет» жана «Эң мыкты макала» номинациясы боюнча эмгектер Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде (Пушкин көчөсү, 78) 2018-жылдын 1- ноябрына саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Байланыш телефону: 0(312) 66 03 32;

«Эң мыкты эссе» жана «Эң мыкты поэзия» номианциялары боюнча эмгектер Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинде (Тоголок Молдо көчөсү, 17) 2018-жылдын 1- ноябрына саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Байланышуу телефону: 0(312) 35 52 18.