Бишкекте жүк ташуучу унаа 2 кызды сүзүп, алар каза болушту

Автор -
261

16-апрелде Бишкек шаарындагы Учкун кичи районундагы Ауэзов көчөсү менен түндүк тарапка бара жаткан КамАЗ автоунаасы 2 кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 16-апрелде саат 18:00дө болгон. Анда 60 жаштагы айдоочу өзүнүн КамАЗ унаасы менен 20 жана 25 жаштагы азиат түспөлүндөгү 2 кызды жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон cүзүп кеткен. Кыздар окуя болгон жерден жан берген.

Учурда тийиштүү маалыматтар ИИМдин тергөө бөлүмүнө жөнөтүлүп, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

 

Бөлүшүү