Лейлек районунда катуу жаандан улам сел жүрдү

Автор -
257

Лейлекте катуу жаандан улам сел жүрүп, турак үйлөрдү суу каптады.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кече, 13-майда Баткен облусунун Лейлек районунда катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен саат 17:15 чамасында Ак-Суу айыл аймагынын Шорбулак сел өтүүчү сайдан сел жүргөн.

«Селдин кесепетинен Чимген айылында 2 турак үйдүн жана Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Ак-Чайыр бала интернатынын жер төлөсүн суу каптаган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу боюнча жеринде атайын техникалар жана куткаруучулар иштеп жатышат.