Аксы: селден улам Мундуз айылында жол жабылып, жарык өчтү

Автор -

Аксы районундагы Мундуз айылына барчу жол селден улам жабылып, жергиликтүү эл жарыксыз калды.

«Азаттыктын» аймактык кабарчысы билдиргендей, айылда 30 турак жайдын короолорун жана 5 үйдү суу каптады. 9-июлда кечке жуук райондун Кош-Дөбө айыл аймагынын Жаңгак, Семет, Мундуз, Таш-Жар айылдарында сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду жана турак жайларды каптаган.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчилиги кырсык болгон аймактарды кыдырып чыкты.

Баштапкы маалыматтарга караганда, катуу жааган жамгырдан улам тоолордо кыян жүрүп, селге айланган. Райондук деңгээлдеги 7 чакырым жана 2,5 чакырым ички чарбалык жолдордун бир катар бөлүгү жарактан чыккан.

Мындан сырткары ГАЗ-53 автоунаасын жана бир жеңил машинени сел агызып кеткен. Учурда чыгымдар такталып жатат. Селди тазалоо иштери жүрүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү