Ошто биринчи жолу жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн чемпионаты өтөт

Автор -
0

Ошто биринчи жолу 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата «Алгачкы ийгилигим» аттуу жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, мелдешке бир жашка чейинки бөбөктөр катыша алышат.

«Катышуучуларга эскертүү: Жарышка катышуу үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн ала келүүңүз абзел»,-деп айтылат маалыматта.

Мелдеш 1-июнь күнү саат 09:00дө №6 «Манас-Ата» аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу багында өткөрүлөт.
Болжол: Каныкей рестораны.
Байланыш үчүн: (03222) 5-51-63, 5-51-62.

Уюштуруучу Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү
Бишкекте жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн чемпионаты өтөт | SAAT
2018-06-08 10:35:31
[…] Белгилей кетсек, Ошто биринчи жолу 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата «Алгачкы ийгилигим» аттуу жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн чемпионаты өткөн. […]