Өкмөт башчы Бишкектин оңдолуп жаткан көчөлөрүнөн кабар алды

Автор -

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 29-майда, Бишкек шаарындагы көчөлөрүндөгү реконструкцияны жүрүшү менен таанышты.

Өкмөт башчынын маалымат кызматы билдиргендей, Абылгазиев Ч. Айтматов проспектисиндеги Семетей жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол тилкесин көрүп чыкты.

Борбор калаанын мэри Албек Ибраимовдун айтымында, бүгүнкү күндө аталган тилкедеги курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталган, аялдамаларга жана жол жээктерине асфальт төшөө, жол белгилерин чийүү жана орнотуу иштери аткарылууда.

Жолду калыбына келтирүүдө эски асфальт бетон жабууну фрезеровкалоо, тегиздөөчү асфальт бетон аралашмасын төгүү жана үстүңкү катмарына шагылдуу-чайыр асфальт бетон аралашмасынан жабуу каралууда.

Бул технология Бишкек шаарынын көчөлөрүн реконструкциялоодо алгач ирет пайдаланылып жатат.

«Бишкек шаарынын унаа жолдорун калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунушталган гранттык каражаттын эсебинен жалпысынан борбордун 23 көчөсү калыбына келтирилмекчи.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү