Президент Сооронбай Жээнбеков «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышты

Автор -
241

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда Бишкек шаарында өткөн «Өлбөс полк»  жүрүшүнө катышты.

Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта  дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты.

Анын уулдары Эрмамат Жээнбеков менен Токтомамат Жээнбеков согуштан жарадар болуп кайтып келишкен. Алар көрсөткөн каармандыгы үчүн «Кызыл Жылдыз» орденине жана медалдарга  татыктуу болушкан. Согуштан кийин көп жылдар бою партиялык, советтик жана чарбалык кызматтарда жетекчи болуп эмгектенишкен.

Бөлүшүү