Райымбек Матраимов Сапар Исаковду сотко берди

Автор -
0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду сотко берди. Бул тууралуу “SAAT.KG” агенттигине анын агасы – ЖК депутаты Искендер Матраимов билдирди.

Анын айтымында, Райымбек Матраимов 2017-жылдын ноябрь айындагы “мыйзамсыз кызматтан алуусу” боюнча сотко кайрылды.

Ал билдиргендей, кызматтан алуу алар үчүн күтүүсүз болгон.

“Кызматтан алуу мыйзамсыз болгон, анткени ал кетүү тууралуу арыз жазган эмес. Аны жөн гана кызматтан алышкан. Ошондуктан Райымбек сотко берди. Ал өзүнүн чын экендигин далилдеши керек. Анын максаты кызматка кайра келүү эмес, жөн гана мыйзамсыз кызматтан алгандыгын далилдөө”,-деп билдирди Искендер Матраимов.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү
Матраимов менен Исаковдун соту 10-майга жылдырылды | SAAT
2018-05-02 10:45:45
[…] Эске салсак, 20-апрелде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, өзүнүн кызматтан алынгандыгын мыйзамсыз аракет деп атап, өкмөттүн жана Бажы кызматынын үстүнөн арыз жазган. […]
 Райымбек Матраимов кайрадан кызмат ордуна келиши мүмкүн | SAAT
2018-05-10 10:23:40
[…] Эске салсак, 26-апрелде Матраимов «мени негизсиз жумуштан алды» деп Исаковду сотко берген. […]