Сапар Исаков УКМКга чакырылды

Автор -
0

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга күбө катары чакырылды. Бул тууралуу ал өзү билдирип, фейсбук баракчасына чакыруу кагазынын сүрөтүн жарыялады. Бирок эмне маселе боюнча чакырылганын ачыктаган жок.

Маалым болгондой, эгер Исаков бүгүн саат 15:00дө УКМКга жүйөлүү себеби жок барбаса, ал мажбурланып жеткирилмекчи.

Айта кетсек, 19-апрелде Жогорку Кеңеш Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Президент бул чечимге кол коюп, өкмөттү отставкага кетирген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү
Сапар Исаков: Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү таза иштеген | SAAT
2018-05-14 11:12:11
[…] премьер-министр Сапар Исаков УКМКга күбө катары чакырылган. Ушул эле күнү Мамлекеттик бажы кызматынын […]
Сапар Исаков УКМКдан чыкты, бирок сурак бүтө элек | SAAT
2018-05-14 14:41:59
[…] премьер-министр Сапар Исаков УКМКга күбө катары чакырылган. Ушул эле күнү Мамлекеттик бажы кызматынын […]