Эрдоган мамлекеттик сапар менен Ташкентке барат

Автор -
202
Turkish President Recep Tayyip Erdogan (R) greets Uzbekistan President Shavkat Mirziyoyev upon his arrival for their meeting at the presidential complex in Ankara on October 25, 2017. / AFP PHOTO / ADEM ALTAN

29-апрелде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик сапары менен Өзбекстанга барат. Сапардын алкагында 30-апрелде өзбек-түрк бизнес-форуму өтөт.

Эрдогандын бул сапарынан Өзбекстанда иштеген түрк ишкерлери жакшы өзгөрүүлөрдү күтүп жатышат. Буга чейин өзбек өкмөтүнө сунуштаган бир канча инвестициялык долбоорлору кабыл алынбаган түрк компанияларынын жетекчилери Эрдогандын сапары ортодогу маселелерди чечүүгө түрткү болот деп үмүттөнүшүүдө.

«Президент Эрдогандын сапары – биздин акыркы үмүтүбүз. Эгер бул сапардан кийин дагы маселебиз чечилбей, бизди алдагандар тоскоолдуктарын токтотпосо, анда басылмаларга ачык маек берүүгө аргасыз болобуз. Биз – саясатчы эмеспиз, биз – ишкербиз. Ошондуктан маселелерибизди саясатташтырбастан чечүүгө аракет кылып жатабыз», – деди түрк компанияларынын биринин өкүлү.

Өзбекстан өкмөтүндөгү аты-жөнүн билдиргиси келбеген аткаминерлердин бири айрым түрк ишкерлери менен расмий Ташкенттин ортосундагы көйгөйлөрдүн себептерин түшүндүрүүгө аракет кылды.

«Өткөн жылы «Өзбекинвест» улуттук компаниясынын башчысы Рустам Азимовдун Түркияга сапарынан кийин бир нече түрк компаниясы Өзбекстандын аймагына завод, фабрикаларды куруу боюнча бизнес-пландарды сунушташкан. Ташкент бизнес-пландарды кабыл алып, бирок көп өтпөй алар Өзбекстанга ылайык келбейт деп кайра кайтарып беришкен. Бирок чынында өзбек тарап алардын кымбат пландарын уурдап алып, өз адамдарына сатып жиберди. Биздин президентке түрк ишкерлери «гүленчи» экенин айтышып, алардын Өзбекстанда иштөөсүнө уруксат берилсе, Эрдоган таарына турганын билдиришкен. Азырынча биздин олигархтар өз монополиясын башкаларга берүүгө даяр эмес», – деди чиновник.

 

Бөлүшүү