Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунда иш сапары менен жүрөт

Автор -
481

Мамлекет башчысы бүгүн, 3-майда Кыргызстандын Ысык-Көл областына эки күндүк жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуулар, курулуп жаткан социалдык жана инфраструктуралык объектилер менен таанышуу болжолдонууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришкенден бери Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапар менен Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунда, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда болгон.

Бөлүшүү