Түштүк Корея Көчмөндөр оюндарына Ссирым күрөшү менен катышат. Ал корей элинин байыркы улуттук оюндарынын бири. Бел боо күрөштөрүнүн бир түрү болуп эсептелет.
Анда бир адам экинчисин белиндеги атайын «сатпа» деп аталган курунан кармап тартып, ар түрлүү ыкмалардын жардамы менен жерге жыгат. Эрежелери боюнча кыргыз күрөшүнө окшош, бирок анда эркин күрөштүн элементтери бар. Ссирымда буттан алып жыгууга жол берилет.
Күрөштүн келип чыгышын биздин заманга чейинки 668-жылдардагы Когурё, Пэкче жана Силланын үч илтик хандыгына туштап айтышат. Экинчи вариантын 13-14 кылымдарга Юань династиясында монгол элинин күрөштөрүнүн таасири астында келип чыккан дешет.
Күрөш жөнөкөй, ыңгайлуу болгондуктан аны дыйкандар менен балыкчылар көп уюштурган. Белинен алып жерге көтөрүп чабуу каршылашты жеңүүдө жакшы ыкма болгон. Ссирым жырткыч жаныбарлар менен алышууда, башка уруулар менен болгон чыр-чатактарда да алгачкы коомдогу адамдардын өзүн-өзү коргоодогу коопсуздугу үчүн да пайдалуу эле.
Ссирым күрөшү улуттук майрамдарда сөзсүз түрдө өткөрүлүп турган. Өзгөчө Тано деп аталган улуттук майрам ал күрөшсүз өткөрүлгөн эмес. Андан жеңүүчүгө «эң күчтүү адам» деген наам берилип, байыркы дыйкандар үчүн сыйлуу тартуу болгон бука ыйгарылган. Азыр болсо бул күрөш спорттогу алдыңкы оюндардын катарына кирип, Түштүк Кореяда жылына төрт жолу мамлекеттик деңгээлде уюштурулуп турат.