Мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын кабыл алынганына 26 жыл болду. Документке ылайык, товарлардын этикеткалары, андагы жазуулар, нускамалар бардыгы кыргызча жазылып келүүгө тийиш. Ага карабастан, бүгүнкү күнгө чейин ал сакталбай жатат. Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөй турган мекеме болуп мамлекеттик тил боюнча комиссия эсептелет.
Комиссиянын котормо, жарнама, терминология бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдоканов бул маселе боюнча өкмөткө кайрылып, натыйжа чыкпай келгенин айтат.
«Мамлекеттик тил боюнча мыйзам таптакыр сакталбай жатат деп айта албайм. 3 жылдан бери айрым товарлардын, дары-дармектердин нускамалары кыргызча жазылып жатат. Биздин колубуздан келбей жаткан иш — бул четтен келген товарлардан мурда ата-мекендик өндүрүштө чыгып жаткан товарлардын жазуулары кыргызча жазылбай жатканы», — дейт ал.
Комиссияннын өндүрүүчүлөргө түздөн-түз көрсөтмө бергенге укугу жок. Бирок мекеме ишканаларга каттарды жазып турат. Молдокановдун айтымында, аларды тескей турган Жогорку Кеңешке, өкмөткө, экономика министрлигине, башкы прокуратурага бир канча жолу кайрылышкан.
«Натыйжа чыкпай жатат. Мына акыркы жолу экономика министрлигинен жооп алдык. Алар бул боюнча атайын инспекциялар бар экенин билдирген. Ооба андай инспекциялар бар. Бирок алар дагы бул маселени көз жаздымынан чыгарып коюп жатышат», — деп кошумчалады адис.
Мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын 29-беренесинде чет өлкөдөн келген товарлардын нускамаларын кыргызчага которуу импорттоп жаткан ишкананын эсебинен экени жазылып турат. Комиссия товарын импорттоп жаткан мекемени котормо боюнча көзөмөлгө албайт.
«Мисалы кошуна Өзбекстан, Казакстанда чет өлкөдөн импортолуп жаткан товарларды бажыга киргенде эле көзөмөлгө алышат. Эгер этикеткалар кирип жаткан мамлекеттин тилинде болбосо, алар киргизбей коёт. Бизде да мыйзам боюнча ошондой болуш керек», — дейт бөлүм башчы.
Товарлардын нускамалары кыргыз тилинде жазылбаганы элдин маалымат алуу укугун бузуп жатканын Аалы Молдоканов баса белгиледи. Маселени чечүү үчүн административдик чаралар көрүлүшү керек деген ойдо. Бирок административдик кодексте мамлекеттик тил мыйзамын сактабагыны үчүн айыпка тартуу беренеси жок.
«Биздин мыйзамдын өзүндө мындай жалпыланган бүдөмүк күңүрт берене бар. Анда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышына тийиштүү мекемелер, алардын жетекчилери жооптуу деп жазып койгон. Тикеден-тике ким экени ачык айтылган эмес. Элдин кыргыз тилинде маалымат алуу укугу бузулуп келе жатканын моюнга алыш керек», — деп жыйынтыктады комиссия өкүлү.