Кыргызстандын Евразиялык Экономикалык Биримдикке (ЕАЭБ) киргенине 8 айдын жүзү болду. Коомдо уюмга кирүүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери дале кызуу талкууланып келет.

Кризис кирдиби?

ЕАЭБге 2015-жылдын августунда киргенден тартып Кыргызстанда экономикалык каатчылык башталганын экономисттер айтып келишет. Статистикалык комитеттин билдиришинче, былтыр тышкы өлкөлөр менен соода жүргүзүү 23,7%га төмөндөгөн. Өлкө кризисте экенин өкмөт башчысы Темир Сариев дагы танбайт.

«Кризистен чыгуу үчүн өкмөт адаттан тыш чечимдерди кабыл алышы керек», — деп ал бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында айткан.

Ал арада серепчилер Кыргызстанда экономикалык каатчылык эмнеден пайда болгонун талкуулашты. Себептерин изилдөө үчүн жалпы ЕАЭБдеги абалга көз салышты. Кризистин башталышын калк ичинде уюмга кирүү менен байланыштырып келишет.

Ириңдеткен биримдикпи?

Экономист Улан Рыскелдиев учурдагы абалды бир гана уюмга киришибизге такай беген туура эмес деген ойдо.

«ЕАЭБге биз дүйнөлүк экономикалык каатчылык болуп жаткан убакта кирип калдык. Бирок, ага карабастан, союздаш Казакстан менен Орусиягагы девальвацияга салыштырмалуу сомдун наркын жакшы кармап турдук. Эми конкуренция  күчөп турган убакта айыл чарба продукцияларын экспорттоону жөнгө салып кетишибиз керек», — дейт ал.

Анын айтымында, ЕАЭБга кирип ушундай шарттарга кириптер болуу күтүүсүз болгон жок. Экономиканы турукташтыруу жана жакшыртуу дароо эле боло койбойт. «Кеминде эки жылдай убакыт керек. Бул бир чоң кемененин багытын дароо башка бир тарапка буруп жиберүү сыяктуу эле көрүнүш» – дейт эксперт.

Жаңыга жанаш

Серепчи Шерадил Бактыгуловдун пикиринде, ата-мекендик ишкерлер жаңы шарттарга көнө албай жатат.

«Советтер союзу тарагандан кийин да коллективдүү чарбага көнүп калган эл үчүн ыңгайсыз абал жаралган. «Дордой», «Мадина» жана «Кара-Суу» базарларындагы ишмердүүлүктүн солгундашы да бизге ошондой таасир калтырып жатат. Жолун тапкычакты кыйналабыз. Ошондуктан, өлкөнүн экономикалык моделин өзгөртө турган убакыт келди», – дейт ал.

Анын айтымында, азырынча өлкөнүн агротармагы майда жана алсыз болгондуктан, ишкерлер биримдиктин ичинде да өзүн көрсөтө албай жатат. Ошондуктан аларга өзүнүн ишмердүүлүк талаасын, платформасын түзүп берүү керек.