24-март күнү жол кайгуул кызматынын (ЖКК) Бишкек боюнча төраыйымы Зумрад Джанабаеванын кармалышы коомдо чоң талкуу жаратты.

Анын тергөө абагына киргизилиши жарандык активистердин арасында дароо нааразычылык пайда кылды. Социалдык түйүндөрдө талкуулангандан кийин Джанабаева ден соолугуна байланыштуу үй камагына которулду.

Ага карабастан, кайгуул кызматынын борбордогу жетекчисин камалышы дале көңүл чордонунда. Жарандык активисттер пресс-конференция өткөрүп, Зумрад Джанабаевага колдоосун билдиришти.

«Мен жөнөкөй жаран катары, айдоочу катары акыркы жылдары ЖККда көптөгөн өзгөрүүлөр жүргүзүлгөнүн айта алам. Дал ушундай кызматчыларды биз милициянын катарынан көргүбүз келет. Жакында эле түзүлгөн патрулдук милициянын башчысы катары биз Зумрад Джанабаеваны татыктуу деп эсептейбиз», — дейт катышуучулардын бири Улан Жумаков.

Коомдук активист Айбек Баратов Джанабаева тергөө абагына киргизилгенине нааразы.

«Ал оор кылмыш кылбагандан кийин тергөө абагына алуунун кереги жок болчу. Менин оюмча, болгону жөн гана өлкөдөн чыкпоо туралуу колкат жетиштүү болмок. Ошондуктан, бул саясий буйрутмабы деген ойлор келип атат», — дейт ал.

ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Алихан Рустамов министрлик өз кызматкерлерин коргоого чамасы жетпей атат деп нааразычылыгын айтып өттү.

«Кармалган же кандайдыр бир кылмышта күнөөлүү болгон кызматкерге бизде эң чоң юридикалык бөлүм болсо да жардам бере албайт экенбиз. ИИМ жада калса адвокат менен камсыз кылбайт», — деди катышуучу.

Эске сала кетсек, 26-март та Октябрь райондук соту Джанабаевага карата 20 күнгө 1-тергөө изоляторуна кармоо өкүмүн чыгарган. 2-апрелде сот бул чечимин үй камагына алмаштырды.