Бишкек шаарында мындан бир ай мурун доллардын баасы 72,50 сомдон кем эмес болсо, бүгүнкү күндө долларга болгон нарк 67,30 сомго түштү. Бир айдын ичинде АКШ долларынын 5,2 сомго арзандашын серепчилер суроо-талаптын аздыгы менен байланыштырышат.

«АКШ долларына болгон баа 50-55 сомго чейин төмөндөөсү мүмкүн. Себеби, буга чейин кыймылсыз мүлктөр АКШ доллары менен бааланса, азыркы күндө сом менен сатылып жатат. Мындан улам долларга болгон суроо талап күндөн-күнгө солгундоодо», — дейт ЭкоИсламик банкынын валюталар курсу боюнча адиси Вячеслав Петров.
Анын айтымында, бул көрүнүш да доллардын кескин арзандашына себепкер болууда.






























