Бишкек шаардык «Тазалык» муниципалдык ишканасы көчөлөрдү жууй баштады. Калаанын көчөлөрүн жууганга шаар тургундарынын арыздануулары түрткү болгон. Ансыз да унаа батпай, бырыксып турган көчөлөр кышында себилген кумдун эсебинен да чаңдап кеткен.

Төрт районго төрттөн унаа берилип, ар биринин айдоочусу бекитилип, кадимки ишине киришти. Иш тартиби да такталып берилген. Кызматкерлер ар күнү таңкы 4:30дан 7ге чейин көчөлөрдү жуушат.

«Жаан-чачындуу күндөрү гана көчөлөр жуулбайт. Бул иш сентябрь айынын аягына чейин үзгүлтүксүз уланат» — дейт ишкананын план толтуруу бөлүмүнүн башчысы Мурат Эсенов.

Бөлүшүү