30-март күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония 300 артисттен турган чыгармачыл топ менен Казакстандын Алматы шаарына барып, отчёттук концерт берип келди.

Филармониянын директору Кыргызбай Осмоновдун айтымында, өлкө тарыхында мындай чоң гастроль болгон эмес.

«Быйылкы жылы кыргыз маданиятында өзгөчө бир окуя болду. Казакстандын Мухтар Ауезов атындагы академиялык драм театрында 10 бөлүктөн турган программадагы концерт эки элдин ортосундагы достукту бекемдеди десем болот», — деди ал журналисттер менен жолугушууда.

Концерт «Тарых жана маданият» жылына, Улуу ойчул Жусуп Баласагындын миң жылдыгына жана Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын 80 жылдыгына карата өттү. Буга чейин филармониянын 110  артисти Каракол шаарына барып, концерт койгон.

Бул саамалык мындан ары 10-18-майга чейин Нарын шаарында, андан кийин Шанхай (Кытай), Ошто уланат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү