Бишкекке жүргүнчүлөрдү ташуучу он жаңы автобус алынып келди. Аларды Кытайдын Үрүмчү шаардык башкармалыгы белек катары тартуулаган.
Бишкек мэриясынын айтымында, бул 35 жүргүнчүнү тейлей алган автобустар жакынкы күндөрү ишке кирбейт. Себеби, бул транспорт газ менен жүрөт. Кыргызстанда мындай автобустар буга чейин жок болгондуктан, Кытайдан атайын кызматкерлер келип, биздин айдоочуларды уйрөтөт. Андан соң гана жаңы автобустар калкты тейлөөгө ишке киришет.






























