Бийлик менен оппозиция араздашып, ортодо карапайым эл кыйналып жатат. Аларды бир чечимге келтирүү үчүн Бишкекте бүгүн үчүн жыйын өтөт. Бул тууралуу Saat.kgге экс-акыйкатчы, активист Турсунбек Акун билдирди.
«Эки жак бир чечим кабыл алуусу керек. Жыйында митинг жолу менен эмес, тынчтык жолу менен сүйлөөшүүлөр болот», — дейт ал.
Иш-чарага өкмөттүн, президенттик аппараттын, оппозиция өкүлдөрүнүн, ЖКнын фракцияларынын лидерлеринин катышуусу күтүүлүдө.
Ал элдин ынтымагы үчүн атайын Жарандык Форумдун башкаруу комитети түзүлгөнүн айтты. Турсунбек Акун комитеттин жетекчиси болуп дайындалган.






























